Депутат Төрөбай Зулпукаров 2 айга камакка алынды
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин камакта болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
"Зулпукаровго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 31-июль күнүнө чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп айтылат маалыматта.