SerepTV Logo

"Тоодогу карга барышмак". Ала-Арчада ата менен кыздын жансыз денеси табылган окуянын жаңы жагдайы

"Тоодогу карга барышмак". Ала-Арчада ата менен кыздын жансыз денеси табылган окуянын жаңы жагдайы
Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган атасы жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 6-августта экөөнүн тең жансыз денеси табылды. "Саат 9:53тө изделип жаткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жарандын сөөгүн саат 15:30да таап, алып чыгышкан. Бир нече саат издөө иштерин жүргүзгөн соң, кызынын сөөгүн да табышкан", - дешкен ӨКМден. Чүй ОИИБден кырсык тууралуу маалымат беришти. "Атасы менен кызы тоого түнөө үчүн барышкан. Алар тоодо жаткан карга барууну жана эртеси кайтып келүүнү пландашкан. Бирок 4-августта кайтып келишкен эмес. Жакындары милицияга 5-августта кайрылышкан. Алардын жансыз денеси Ала-Арча суусунан табылып, учурда кантип сууда болуп калганы аныкталып жатат. Бирок алардын маршрутунда суу болгон", - дешти милициядан.