SerepTV Logo

Тоңдогу төрөтканада 46 жаштагы кош бойлуу аял көз жумду

Тоңдогу төрөтканада 46 жаштагы кош бойлуу аял көз жумду
Социалдык тармактын колдонуучулары Тоңдогу төрөтканада кош бойлуу аял каза болгонун жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, маалыматты тастыкташты. "21-январь күнү Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 03:45 чамасында Тоң райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнөн чалуу түшүп, төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгондугун билдиришкен.  Маалымат Тоң РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Териштирүү иштеринин алкагында, 21-январга караган түнү саат 23:00 чамасында кош бойлуулуктун 40-жумасында Тоң районунун 1979-жылы туулган тургуну ичи ооруп, Тоң райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө кайрылган. Ал текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылган. 21-январга караган түнү саат 02:00 чамасында аял дааратканага барып, чыгып келе жатып, өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыттын ичинде аялдын көз жумганы аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
edita