Тоңдо жолго жатып алган 56 жаштагы кишини унаа тебелеп каза болду
Ысык-Көлдө айдоочу жолдо жаткан адамды тебелеп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жолго жатып алган 56 жаштагы жаранды Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу тебелеп кеткен. Жолдо жаткан адам алган жаракаттан улам жеринде каза болгон.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, унаанын астынан маркумдун сөөгүп чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.