SerepTV Logo

Тоң районунда 6-класстын окуучусу өз жанын кыйды

Тоң районунда 6-класстын окуучусу өз жанын кыйды
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 6-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя Тоң районунун Оттук айылында болгон. Анда 6-класстын окуучусу үйүнүн короосунда асынып, жанын кыйган. Ошондой эле өздүк булактардын айтымында, асынып алган өспүрүмдүн апасы мектепте мугалим болуп иштейт. Бирок учурда бул маалымат боюнча облустук ички иштер башкармалыгынан комментарий берише элек.
Unknown Author