Токтогулда сууга агып жаш жигит каза тапты
Кечээ, 10-март күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Узун-Акмат дарыясынан жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат 23:00 чамасында Узун-Акмат дарыясына 1991-жылы туулган жигит түшүп, дайынсыз жоголуп кеткен.
Мындан улам 10-март күнү атайын кызматтын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 11:00дө жигиттин сөөгү Терек-Суу айылынын тушунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.