SerepTV Logo

Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга берилди

Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга берилди
Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген 0,15 гектар жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып, 1-топтогу майып адамга өткөрүп берилди. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган райондун Ак-Тектир айылынын тургунунун 0,15 гектар жери бар экендигине карабастан, анын аянтын мыйзамсыз кеңейтүү максатында кошумча 0,15 гектар жерди басып алып, аны тосмолоп алгандыгы такталган. Прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен аталган жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алынган. Мыйзамга ылайык, тоголок жетим балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай, жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Андыктан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө аталган айыл аймагынын башчысынын наамына прокурордук акт келтирилген. 25-июнунда бул жер тилкеси аталган айыл өкмөтүнүн тургуну майып кыздын жеке менчигине өткөрүлүп, ага укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү мамлекеттик акты берилди.
Unknown Author