Токтогулда да жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мекеменин текшерүүсүндө аталган райондун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-мартындагы жана 7-апрелиндеги чечимдери менен айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлеринен эки жарандын ар бирине 0,30 гектар жер тилкеден менчиктерине берилгендиги аныкталган. Анда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 26-февралында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.
Мындан улам Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн чечимдерин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан берилген мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө Жалал-Абад облусунун Административдик сотуна доо арыздар келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар канааттандырылган.
Ошондой эле райондук прокуратура тарабынан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жогорудагы 1 миллион 202 миң сомго бааланган 0,60 гектар жер аянтын баланска алуу тууралуу талап келтирилип, аталган жер тилкелер айыл өкмөттүн балансына кабыл алынды.