SerepTV Logo

Токтогулда 3 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен 2 жигит кармалды (видео)

Токтогулда 3 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен 2 жигит кармалды (видео)
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында 2 жаран ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бул маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Узак мөөнөттүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, 9-августта ИИМдин кызматкерлери атайын багыттагы отрядынын жардамы менен Токтогул районунун Үч-Терек айылынын аймагында 1998-жылы туулган 2 жаран гашиш баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалышкан. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат "гашиш" баңгизаты деп табылган. Анын салмагы 3 килограммдан ашкан. Кармалган жарандар №21 мекемесине камакка алынган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ??КР ИИМ БМЖККК / СБНОН МВД КР (@sbnon_kg)