SerepTV Logo

Токтогулда 100 кап афлатун пиязын мыйзамсыз терип саткандар аныкталды (видео)

Токтогулда 100 кап афлатун пиязын мыйзамсыз терип саткандар аныкталды (видео)
Токтогул районунда 100 чакты кап афлатун пиязын өз алдынча терип саткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигининен маалымдашты. "Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларда Токтогул районунда афлатун пиязын өз алдынча терип, саткандар кармалышкан. Алынган 70 сетка кап афлатун пиязы ИИМге, 32 кап пияз райондук сотко өткөрүп берилди. Келтирилген зыяндарды аныктоо иретинде мыйзамсыз иш алып барган жарандарга чара берүү боюнча материал тийиштүү органдарга жөнөтүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.