Токтогул шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты (сүрөт)
Жалал-Абадда азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул шаарындагы борбордук базарда Кыргызстан көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бири өрттөнгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 07:00дө чектөөгө алынып, саат 07:27де толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53619,53620,53621"]