Токтогулда туристтин жоголгон доллар, евролорун 17 жаштагы жигит таап алган
Токтогул райондук милициясы чет өлкөлүк туристтин унутуп калтырып кеткен кол сумкасы менен акчасын таап берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул РИИБге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2-июнда саат 15:40 чамасында өзү менен бирге турист катары Ош шаарынан Нарын облусуна бара жаткан 1952-жылы туулган Германия жараны Токтогул шаарындагы май куюучу жайга токтогон учурда, өзүнүн жанындагы кол сумкасын ичиндеги акчалары менен унутуп кетип калгандыгын, ошол сумканы табууга жардам берүүнү суранган. Анын кол сумкасында 800 доллары, 800 евро акчасы, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Банк карточкасында 40 миңдей евро акчасы бар экендиги белгиленген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында Токтогул РИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Германия жараны унутуп калтырып кеткен кол сумкасын алган жаран аныкталган. Ал Баткен облусунун тургуну 2004-жылы туулган жигит экендиги, ал Ош шаарында жүргөндүгү аныкталып, милиция кызматкерлери аны ошол жерден табышкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча аталган жаран жолдо кетип баратып токтоп, ээсиз калган буюмду таап алган. Сумкадагы акчаны короткон эмес. Алынган сумка, акча толугу менен Германия жаранына өткөрүлдү.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="51641,51642"]