Токтогул районундагы жол кырсыктан 2 адам көз жумса, 5 адам жаракат алды
Токтогул районундагы жол кырсыктын кесепетинен 2 адам көз жумса, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-март күнү болжол менен саат 15:40 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 250-чакырымында Тоyota Windom менен Toyota Previa үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1948-1988-жылы туулган 2 эркек киши каза болсо, 5 адам жаракат алган. Жаракат алгандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми каза болгон жарандардын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.