SerepTV Logo

Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды

Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды
Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү кармалды. Аны кармоого Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, алар тарабынан жоокердин Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="214939,214940"]