SerepTV Logo

Токмоктогу батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

Токмоктогу батирден аял кишинин жансыз денеси табылды
Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, куткаруучулар Токмоктун 3-кичи районунда жайгашкан №29 үйдүн батирлеринин бири бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1961-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Аялдын сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
edita