SerepTV Logo

Токмоктогу 16 жаштагы зордукталган кыз реанимацияга түштү. Акыйкатчы Чүй ОИИБинин отставкага кетүүсүн талап кылууда (видео)

Токмоктогу 16 жаштагы зордукталган кыз реанимацияга түштү. Акыйкатчы Чүй ОИИБинин отставкага кетүүсүн талап кылууда (видео)
Чүй облусундагы Токмок шаарында 16 жаштагы кыздын зордукталуусу боюнча Акыйкатчы менен балдардын укугун коргоочу өспүрүм кыздын соттук-медициналык экспертизаларынын жыйынтыгын коомчулукка чыгарганы үчүн Чүй ОИИБинин жетекчисин отставкага кетүүсүн талап кылышууда. "16 жаштагы зордукталган кыз реанимацияга түшүп калды. Кыздын апасынын айтымында, анын кызын жана үй-бүлөсүн кылмышка шектүү үйүнө келип коркутуп кетип жатат. Ал эми Чүй ОИИБ шектүүнүн тарабына өтүп, иликтөөнүн майда-чүйдөсүнө чейин коомчулукка чыгарууда. Адилеттүү иш алып барбаган жетекчи отставкага кетсин!"- деп жазган балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова. Ал эми Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Чүй ОИИБ карапайым элдин оозун жаап, Акыйкатчы болгонуна карабай аларга иликтөө иштерине тийиштүү документтерди жашыруун деп бербей жатканын айтып чыкты. - Бизге иликтөөдөгү документтерди бербей жатышат. Өздөрү болсо жашы жете элек зордукталган кыздын соттук-медициналык экспертизасынын жыйынтыктарын коомчулукка чыгарып жиберишти. Мен бул иш менен мындан ары принципиалдуу иш алып барам. Эч кимдин жашы жете элек кыздын жеке жашоосун коомчулукка чыгарууга акысы жок. Жашы жете элек өспүрүм менен чоң адамдын маселесинде, кала берсе зордуктоо темасында эч качан өспүрүм күнөөлүү болбойт. Ар дайым чоң адамдын күнөөсү болот. Бул ишти коомчулукка чыгарган Чүй ОИИБ, пресс-катчысы, тергөөчү кызматтан четтетилип, ооруканага түшкөн кыздын калыбына келүүсүнө жумшалган чыгымын төлөп берүүсү керек", - деген Атыр Абдрахматова. Эске салсак, буга чейин Чүй ОИИБ 16 жаштагы кыздын мейманканага өз каалоосу менен барганын жана анын көрсөтмөлөрү менен окуяга катыштыгы бар адамдардын көрсөтмөлөрү дал келбей жатканын билдирген.