SerepTV Logo

Токмокто унаасын чимирилткен айдоочуга бейбаштык үчүн айып салынды

Токмокто унаасын чимирилткен айдоочуга бейбаштык үчүн айып салынды
Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында унаасы менен бейбаштык жасаган айдоочу кармалды. Ага 15 миң сом айып салуу менен унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти. Токмок шаарында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаасы менен чимирилип, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео соцтармактарда тараган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УОБДД по ГУВД Чуйской области (@uobdd.chuy)