SerepTV Logo

Токмокто жетекчи ден соолукту чыңдоо борборун баласына менчиктештирген. Объект мамлекеттин балансына кайтарылды

Токмокто жетекчи ден соолукту чыңдоо борборун баласына менчиктештирген. Объект мамлекеттин балансына кайтарылды
Чүй облусунун Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти. Аталган объект 1,05 га жер тилкеси менен 1995-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Иликтөөдө борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталган. "Кыргыз өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы токтомуна ылайык, ушул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт. Акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек. Бирок Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Мамлекет ээликтен ажыратылганы үчүн пайдадан дивиденддерди алган эмес", - деп жазылат маалыматта. УКМК бул социалдык маанилүү объект максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүп берди.