SerepTV Logo

Токмокто эркек кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто эркек кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусун кармады. Маалыматка караганда, 22-мартта саат 01:30 чамасында Токмок шаарындагы Ленин менен Колхоз көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишини сүзүп, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эркек киши ошол жерде көз жумган. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөөгө жеткирилди. Унаасы айып короого токтотулган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="233828,233829"]