SerepTV Logo

Токмокто эки унаа сүзүшүп, 34 жана 35 жаштагы жарандар көз жумду

Токмокто эки унаа сүзүшүп, 34 жана 35 жаштагы жарандар көз жумду
Токмокто эки унаа сүзүшүп, 2 адам көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 3-октябрда катталган. Гагарин жана Шамсинская көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota RAV4 унаасы Mazda менен сүзүшкөн. Жеринде 2 адам көз жумуп, 7 адам ар кандай жаракат алган.  Каза болгон жарандардын 34 жана 35 жашта экендиги аныкталды. Мындан тышкары, жол кырсыгына кабылган унаанын президенттик администрацияга тиешеси жоктугу ырасталды.