SerepTV Logo

Токмокто билим берүү мекемесине ууруга кирген делип 2 жаран кармалды

Токмокто билим берүү мекемесине ууруга кирген делип 2 жаран кармалды
Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1970-жылы туулган жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 29-мартка караган түнү билим берүү мекемелердин биринин тезесин сындырып, белгисиз адамдар киришип, ал жактан арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИБдин жана Токмок ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган жана 1982-жылы туулган жарандар кармалышкан. Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37131,37132"]
edita