SerepTV Logo

Токмокто аялын жана майыптыгы бар уулун аёосуз сабап келген ата кармалды

Токмокто аялын жана майыптыгы бар уулун аёосуз сабап келген ата кармалды
Токмок шаарында аялын жана 1-топтогу майыптыгы бар баласын сабап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 28-октябрда Токмок ШИИБге 1972-жылы туулган жаран кайрылып, жолдошу зомбулук көрсөтүп ар кандай дене жаракатын келтирип, системалуу түрдө сабап жүргөнүн жана андан тышкары 2003-жылы туулган 1-топтогу майып уулун да аёосуз сабап келерин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Аталган факты Токмок ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, уруп-сабап, кыйноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 12-ноябрда жогорудагы кылмышка шектүү 1969-жылы туулган жаран Токмок ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, ошол эле учурда жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмышка тиешелүү далил буюмдар табылып алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
edita