SerepTV Logo

Токмокто 46 жаштагы киши сабалып, көз жумду

Токмокто 46 жаштагы киши сабалып, көз жумду
Токмокто мушташтын айынан жаран каза болуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24-апрелде саат 17:00 чамасында Токмок шаарынын Луговая көчөсүндө 1994-жылы туулган жаран менен 1978-жылы туулган жаран спирт ичиндигин ичип отурушуп, уруша кетип, мушташка айланган. 1994-жылы туулган жаран 1978-жылы туулган жаранды жыгач менен сабап салган. Кесепетинен ал каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Тергөө жүрүп жатат.