SerepTV Logo

Токмокто 42 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалды

Токмокто 42 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалды
Токмокто киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 20-октябрда Токмоктогу дүкөндөрдүн биринин артынан 1981-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакта калтырылды.