Токмокто 30 жаштагы тургунду көчөдөн 3 жигит карактап кеткен. Шектүүлөр кармалды
Токмок шаарында каракчылыкка шектелген 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге 30 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, 5-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш бирөөлөр күч колдонушуп, Редми жана Айфон үлгүсүндөгү телефондорун, ошондой эле ичинде 6500 сом акча жана документтери салынган капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 28 жаштагы жана 25 жаштагы жарандар кармалган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.