Токмокто 18 жаштагы жигит жүк ташуучу унаанын чиркегичинин алдында калып көз жумду
Токмокто 18 жаштагы жигит жүк ташуучу унаанын чиркегичинин алдында калып көз жумду. Маалыматты Чүй ОИИБден тастыкташты.
"Окуя 9-августта болгон. Анда техникалык тейлөө станциясындагы адистин жардамчысы - 2005-жылы туулган жаран унаа ташуучу атайын техниканын эки бөлүк чиркегичинин ортосунда турган. Ал коопсуздукту сактабастан чиркегичтердин жабдыктарын чечип жатып, чиркегичтин темири басып калган. Кесепетинен жаран каза болду",- деп айтылат маалыматта.
Бул факты катталып, жүк ташуучу унаа чиркегичи менен бирге пломбаланып, Токмок шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада турат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.