SerepTV Logo

"Тиричилик маселелерин чечүүнү көздөшкөн". Ошто ишкер аялды уурдагандар кармалды

"Тиричилик маселелерин чечүүнү көздөшкөн". Ошто ишкер аялды уурдагандар кармалды
Ошто 2 жаран ишкер аялды уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМде билдиришти. Маалыматка караганда, 10-апрель күнү болжол менен 22:00до Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адамдар аял кишини чакырып, күч колдонуп унаага салып кетишкен. Аны Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткени жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болгон. Аялды ээн талаада күч колдонобуз деп коркутушкан. Адам уурдалганы тууралуу арыз ички иштер органдарына 11-апрель күнү түшкөн. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда кечке маал Ош шаарынан 38 жаштагы алайлык жарандын башкаруусундагы Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар 43 жаштагы жана 39 жаштагы эки жаран кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. «Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат», - дешти ИИМден. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="37204,37203,37202"]
Unknown Author