SerepTV Logo

Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралып жаткан соттун имаратына уулу плакат көтөрүп чыкты (сүрөт)

Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралып жаткан соттун имаратына уулу плакат көтөрүп чыкты (сүрөт)
Жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Маалыматка караганда, соттук отурумга Куренов алып келинген эмес. Соттун имаратына анын уулу колуна "Соттор акыйкат болгула!" деген плакат көтөрүп чыккан. 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган. 9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.  
edita