Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы. Райондук соттун чечими күчүндө калтырылды
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, Куренов 15-апрелге чейин камакта болот.
15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган.
9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.