SerepTV Logo

Террористтик уюмдун идеологиясын таркатууга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

Террористтик уюмдун идеологиясын таркатууга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 2021-жылдын март айында Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды. Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды. Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы тарабынан У.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ мамлекеттеринин бирине барган кезде «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда дагы алардын идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Unknown Author