Колу-буту байланган, оозу скотчтолгон абалда табылган жигит. Талаш-тартыштардан улам комиссиялык экспертиза дайындалды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу "Тёплые ключи" санаторийинде колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган маркумга комиссиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан улам талаш-тартыш жаралгандыктан аталган комиссия түзүлгөн. Акыркы жыйынтыкты дал ошол комиссиялык экспертиза чыгарат.
2020-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 13:13 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаторийинде жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу аталган жерге барып, колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы суицид деп чыккан. Бирок бул жыйынтык коомчулук тарабынан катуу талкуу жараткан.