SerepTV Logo

Темирлан Султанбеков “массалык башаламандыкка чакырган” деп кармалды

Темирлан Султанбеков “массалык башаламандыкка чакырган” деп кармалды
Темирлан Султанбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты. “Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда”, - деп айтылды ИИМдин маалыматында