SerepTV Logo

Темирлан Султанбеков жана Ирина Карамушкина камакта калтырылды

Темирлан Султанбеков жана Ирина Карамушкина камакта калтырылды
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун "Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы депутат жана партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын мүчөсү Роза Түрксеверди камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды.  Маалыматка караганда, алар 13-январга чейин СИЗО-1де болот.  Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
edita