SerepTV Logo

Темирлан Султанбеков жана Ирина Карамушкина камакта калтырылды

Темирлан Султанбеков жана Ирина Карамушкина камакта калтырылды
Бүгүн, 15-ноябрда Свердлов райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы депутат жана партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын мүчөсү Роза Түрксеверди камакта калтырды. Маалыматка караганда, алар 13-январга чейин СИЗО-1ге киргизилди.  Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
edita