SerepTV Logo

"Темир тосмо унааны тешип кеткен". Баткендеги жол кырсыктан 2 адам көз жумду

"Темир тосмо унааны тешип кеткен". Баткендеги жол кырсыктан 2 адам көз жумду
Баткендеги жол кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 17-майга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 348-чакырымында 1993-жылы туулган айдоочу Шевроле Малибу унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
edita