SerepTV Logo

Telegram аркылуу баңгизат сатып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн топ кармалды

Telegram аркылуу баңгизат сатып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн топ кармалды
Telegram аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан 4-мартта Бишкек шаарында Telegram аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңги заттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана “крипто алмаштыргычтар” аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн 5 жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="231228,231229,231230,231231,231232,231233,231234,231235,231236,231237"]