Ошто телефон, ноутбуктарды уурдаганга шектелип мурун соттолгон жарандар кармалды
Телефон, ноутбуктарды уурдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБиден маалымдашты.
22-июнь күнү Ош шаарынын тургуну үйүнөн Редми 9 үлгүсүндөгү телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткени боюнча кайрылып арыз жазган. Ош ШИИБиге мындай уурулуктар боюнча 7 арыз келип түшкөн. Факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) белгилери менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип Ош шаарынын 18 жаштагыжана 22 жаштагы тургундары кармалды. Шектүүлөр экөө тең мурда уурулук фактысы менен соттолгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 22 жаштаганы жаранга Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алынган. Ал эми 18 жаштагы жаран жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылды.