Техастагы жүк ташуучу унаадан 53 мигранттын сөөгү табылышы. Айдоочу менен шеригине өлүм жазасы берилиши мүмкүн
53 мигранттын өлүмү боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу Гомеро Заморано жана анын шериги Кристиан Мартинес өлүм жазасына тартылып, бул ишке дагы эки адам катыштыгы бар делген жарандар 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Полиция жүк ташуучу унааны Квинтана жолунун боюндагы блоктон, темир жолдун жанынан табышкан. Картага ылайык, бул жер Мексика менен чек арадан 943 чакырым алыстыкта жайгашкан. Сан-Антониодо 27-июндагы температура 39,4 градуска жеткен жана аялдар, эркектер, өспүрүмдөр ысыктан каза болушкан. Алар кондиционери жана суусу жок жүк ташуучунун ичинен табылган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 53 адамга жеткени айтылган.
«Заморано өлүмгө алып келген чет элдиктерди мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, Заморано өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Федералдык округдук соттун судьясы АКШнын Өкүм чыгаруу боюнча көрсөтмөлөрүн жана башка мыйзамдуу маселелерди карап чыккандан кийин кандайдыр бир өкүм чыгарат",- деп айтылат маалыматта.
Документке ылайык, Кристиан Мартинеске "мыйзамсыз иммигранттарды ташуу үчүн сүйлөшүү уюштуруп, өлүмгө алып келген" деген айып тагылган. "Эгер ал күнөөлүү деп табылса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.