«Тазалыктын» кызматкеринин сүзүп өлтүрүлүшү. Кылмыш иши козголду
12-декабрда Бишкекте Чыгыш автовокзалына жакын жерде Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен. 47 жаштагы кызматкер ооруканага жетпей каза болгон.
Бишкек ШИИБден билдиришкендей, жеңил унаанын 23 жаштагы айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата Жазык кодексинин 312-беренеси (жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.