SerepTV Logo

«Тазалык» кызматкеринин өлүмү. Шектүүнүн министрликте иштери айтылууда

«Тазалык» кызматкеринин өлүмү. Шектүүнүн министрликте иштери айтылууда
«Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен унаанын айдоочусу Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Бул тууралуу «АКИpress» жазып чыкты. Алдын ала маалыматка караганда, 1976-жылы туулган жаран 2019-жылы ТИМдин бир департаментинин биринчи катчысы кызматын ээлечү. 18-декабрда саат 01:00 чамасында Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын 1976-жылы туулган айдоочусу Масалиев көчөсү менен чыгыштан батышты карай бара жатып, Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жүргөн “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Кызматкер алган жараатынан ошол жерде көз жумган.