"Таш менен чаап, жерге көмүп, өзүнүн унаасын өрттөп...". Чүйдө 38 жаштагы жаран таанышы тарабынан өлтүрүлгөн делүүдө
Сокулук районунда карызынан улам таанышын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 9-август күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына 1974-жылы туулган жаран 6-августта үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 1983-жылы туулган инисин издөөгө жардам берүү үчүн кайрылган. Агасынын айтымында, ал ошол эле күнү саат 00:00 чамасында чоң суммадагы 750 миң сомго жакын акча менен таанышына кеткен бойдон кайтып барган эмес.
"Бул факт реестрге катталган жана жаранды издөө үчүн бардык зарыл чаралар башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон адам бодо малдарды сатып алуу жана андан ары кайра сатуу менен алектенгени аныкталган",- деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлеринин жоголгон адамды уурдап кетүү боюнча божомолдору болгондугуна байланыштуу, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесине (адам уурдоо) кайра квалификацияланган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адам кимдикине кеткенин аныкташкан. Көрсөтүлгөн кишини суракка алуу учурунда, 1968-жылы туулган жаран дайынсыз жоголгон адам 7-августта үйүнөн белгисиз тарапка кеткенин айтып, көрсөтмө берген. 21-августта милиция кызматкерлери тарабынан сурак берген жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин ага карата баш коргоо чарасы тандалган. 22-августта кошумча сурак учурунда жана милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү дайынсыз болуп жаткан адамды өлтүргөнүн айткан.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, окуя карыздан чыккан чырдан башталган. 7-августта саат 09:00 чамасында шектүү жабырлануучуга таш менен денесине залал келтирген, жаран денесинен алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү кылмышын жашыруу максатында сөөктү унаасы менен алып чыгып, Верхний-Восток айылында жайгашкан каналдын жанына көмгөн. Андан кийин кылмышты жана материалдык далилдерди жашыруу максатында, Жаңы-Пахта айылында жайгашкан камыштын арасында унаасын толугу менен өрттөп жиберген. Андан кийин, Ат-Башы каналына өлгөн жарандын уюлдук телефонун жана бычагын ыргыткан.
"Учурда, иштин материалдары боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө жана ыкчам иш -чаралары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68853,68854"]