SerepTV Logo

"Тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алып". Караколдо шаардык кеңештин депутаты кармалды

"Тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алып". Караколдо шаардык кеңештин депутаты кармалды
Бейбаштык кылууга шектелип Каракол шаардык кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 15-апрелде Каракол ШИИБге 19 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 7-апрель күнү саат 03:30 чамасында түнкү клубдардын биринде аны эч себепсиз ур-токмокко алгандарга чара көрүүнү суранган. "Чуба" каймана аттуу жаран колундагы тапанчасы менен жигиттин бут тарабына аткан, ал эми "Дани" каймана аттуу жаран аны муунтуп, сабаганын билдирген. Аталган факты реестрге каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 27 жаштагы Каракол шаардык кеңештин депутаты кармалган. Аны тинтүү учурунда документтери жок тапанча табылды. Ал кылмышты мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="105730,105731,105732"]