SerepTV Logo

Таңга жуук Лейлектеги мектеп өрттөндү

Таңга жуук Лейлектеги мектеп өрттөндү

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы Сары-Дөбө орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин 2 класстык бөлмө, коридор, чатыры күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.