SerepTV Logo

Таң калычтуу! Түндө үч саат ичинде Бишкекте 8 унаа өрттөндү

Таң калычтуу! Түндө үч саат ичинде Бишкекте 8 унаа өрттөндү
Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында 8 унаа өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Саат 1:00дө Малдыбаев көчөсүндө Volkswagen Passat унаасынын салонунан өрт чыгып, жалын 10 мүнөт ичинде өчүрүлгөн. Саат 1:30да Ахунбаев көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшүп, өрт өчүрүүчүлөр төрт мүнөттө жетип барышкан. Өрт алар келгенге чейин өчүрүлгөн. Саат 2:07де Тыныстанов көчөсүнө Opel унаасынын салонунан өрт чыгып, анын эки жагында турган Lexus жана Honda Odissey унаалары да кырсыктан зыян тарткан. Өрттү 19 мүнөттө өчүрүшкөн. Саат 3:22де 9-микрорайондо Audi унаасы жана анын сол жагында турган Volkswagen Touran өрттөнүп жатканы кабарланып, жалын 3:35те өчүрүлгөн. Саат 3:35те 10-микрорайондо Volkswagen Passat унаасы өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшүп, өрт 15 мүнөттө өчүрүлгөн. Учурда унаалардын өрттөнүшүнө эмне себеп болгону такталууда.