SerepTV Logo

Таластагы ок атышууга жеткен өспүрүмдөрдүн мушташы. Соттун өкүмү чыкты

Таластагы ок атышууга жеткен өспүрүмдөрдүн мушташы. Соттун өкүмү чыкты

Талас райондук соту 16 жаштагы өспүрүмдү күнөөлүү деп тапты. Ага Жазык кодексинин "курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү" жана "ден соолукка оор залал келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

2020-жылдын декабрь айында өспүрүм жашы жете элек эки таанышы менен унаада отурган. Жаштар телефонду талаша кетишкен. Машинадан түшүп, мушташып башташкан. Ошол учурда айыпталуучу тааныштарынын биринин бутуна атып салган.

"Шектүү жабырлануучуну бул окуяны эч кимге айтпашы керек экенин эскертип, кимдир-бирөөгө айта турган болсо, анын агасы өлтүрүп кетерин айтып, коркуткан. Экспертиза шектүүнүн акыл-эси жайында экендигин, дарылоого муктаж эместигин, жабырлануучуга олуттуу зыян келтирилгенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө, шектүү кылган ишин мойнуна алган. Ал тапанчаны досунан бир нече күнгө деп сурап алганын айткан. Ошол күнү айыпталуучуга достору келмек жана алар башка айылга барышмак. Жабыркаган жашы жете элек өспүрүм сотто окуядан кийин үйдүн жанында калганын айткан. Эртең менен чоң энеси кансырап жаткан небересин көрүп, ооруканага алып барган. Жабырлануучу шектүүнү камакка алууну суранды. Жыйынтыгында соттун чечими менен ал эки жылдык пробациялык көзөмөл менен эркинен ажыратылды.
edita