SerepTV Logo

Таласта "уяттуу сүрөтүңдү чыгарам" деген жаран кармалды

Таласта "уяттуу сүрөтүңдү чыгарам" деген жаран кармалды
Талас облустук милициясы социалдык тармактын дагы бир администраторун кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. 11-март күнү Талас ОИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 7-март күнү Телеграмдагы баракчадан 15 жаштагы кызынын Телеграмына белгисиз жаран кат жазып, "уяттуу сүрөтүңдү чыгарам" деп коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Талас шаарынын 2008-жылы туулган тургуну кармалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
edita