Таласта түн ичинде койлорун уурдаткан жарандар милицияга кайрылды
Таласта мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө 2 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 3-ноябрга караган түнү 4 баш коюн, экинчи жаран да 1-декабрга караган түнү 4 баш коюн уурдатканын билдирген. Аталган фактылар боюнча мал уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Айтматов районунун 1970 жана 1998-жылы туулган жарандары кармалып, 2 айга камакка алынды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="263708,263709"]