Таласта "Темике" кармалды
Таласта баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2024-жылдын январь айынын аягында уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине "Темике" аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө "Темике" аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козголгон. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык марихуана жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылды. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="232020,232021,232022"]