Таласта сууга агып кеткен 2 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Таласта сууга акканы кабарланган эки жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-май күнү саат 22:45 чамасында Манас районунун Арал айылындагы дарыяга агып кеткен наристени куткаруучулар 5 саат издеп табышкан эмес. 2-майда таңга жуук кыздын сөөгүн туугандары табышты.