SerepTV Logo

Таласта сел жүрүп, короолорду каптады (видео)

Таласта сел жүрүп, короолорду каптады (видео)
Талас районунда сел жүрүп, 2 үйдүн короосуна кирип кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Кечээ, 22-июнь күнү саат 20:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары Айдаралиев айыл өкмөтүнө караштуу Көпүрө-Базар айылынын Таштанаалы көчөсүндө жайгашкан 2 үйдүн короосуна  кирген. Селдин кесепеттерин жоюуга 16 куткаруучу тартылды. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу сордуруу иштерин жүргүзүштү.